Барак Обаманын жубайы Мишель Обаманын айтымында, күйөөсү бир смокинг жана бир ботинка менен сегиз жыл бою ар кандай салтанаттарга катышып келген.
Экс-президенттин жубайы америкалык шаар Сан-Хоседе конференцияга катышып, суроолорго жооп берген. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыккан.
Мишель Обама: «Коомчулук дайым менин кийимимди сындай беришчү. Бирок, күйөөмдүн эч алмашпаган кийимине бир да жолу көңүл бурушпады. Ал муну менен сыймыктанчу, «Ммм, мен кийинип болдум. Он мүнөттө. А сен эмнеге кеч даярданасың?»- дечү. Мен болсо: «Эмне, шылдыңдап атасыңбы?»- деп жооп кайтараар элем», - деп айткан.
1-июнда Барак Обаманын Вашингтондо 8,1 миллион долларга особнякты сатып алганы белгилүү болгон.