\
Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда майрам күндөр көп экенин белгиледи.
Айтымында, ар ай сайын мамлекетте расмий да, расмий эмес да майрамдар белгиленет.
«Анын көбү пайдасыз майрамдар. Орозонун 15-күнүн Кайрымдуулук күнү деп белгилөө сунушталган. Эртең ошол күн. Жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам берүүбүз керек. Бул кырсыктан жабыркагандардын балдарына камкордук көрүүнү тийиштүү кызматтар колуна алса. Аларга ЖОЖдорго бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк бериш керек», - деди депутат.