Кол салуу учурунда бир нече киши жаракат алды, жабырлануучулардын так санын тууралуу азырынча маалыматтар жок.
Рейтер агенттиги тараткан маалыматка ылайык, парламенттеги ок атышуу учурунда эки киши, алардын ичинде күзөтчү мерт кеткен. Кеминде үч адам жаракат алган. Кол салуучулар кишилерди барымтага алышканы белгиленүүдө.
Ирандын мамлекеттик телеканалы төрт кол салуучу, алардын ичинде террорчу-жанкечти болгонун билдирүүдө.
Тегерандын депутаты Элиас Хазрати болсо кол салууга эки Калашников автоматы жана бир тапанча менен куралданган үч адам катышканын билдирди. Окуядан кийин парламенттин эшиктери жабылды. Имараттын ичиндеги депутаттар менен кызматкерлер сыртка чыга албай турушат.
Жергиликтүү агенттиктердин кабарлашынча, ушул эле маалда куралданган кишилер парламенттен 20 чакырым алыс аралыкта жайгашкан Хомейни күмбөзүнө кирип барып ок чыгарышкан. Жанкечти кемерин жардырып өлгөнү кабарланууда. Кол салууга катышкан калган эки киши кармалды.