Бөйрөк адамдын организми үчүн эң керектүү органдардын бири. Анткени, бөйрөк токсиндерди жана зыяндуу суюктуктарды тазалап турат. Андыктан ал үчүн өзгөчө кам көрүү зарыл. Төмөндө биз бөйрөктү жабырката турган 8 адатты жаздык. Бул нерсени билип алуу ашыкча болбос.
1. Сууну аз ичүү
Сууну аз ичүү бөйрөк үчүн чоң коркунучту жаратат. Организмде суюктук жетишсиз болсо, бөйрөккө болгон кандын агымы төмөндөп, денеде токсиндер көбөйүп кетет. Демек, өз маалында суу ичип туруңуз.
2. Дааратканага өз маалында барбоочулук
Эгер бөйрөгүңүздүн жакшы иштешин кааласаңыз, анда даараткана өз маалында барууну эске алыңыз.
3. Натрийди ашыкча колдонуу
Туздуу тамакты жакшы көрөсүзбү? Кеч боло электе бул адаттан арылыңыз. Анткени бөйрөкө топтолгон тузду кайра тазалап чыгаруу оңой иш эмес.
4. Кофе жана кофеинди көп ичүү
Кофе же кофеин (кола) кошулган суусундуктарды көптөр ичкенди жакшы көрүшөт. Бирок эсиңизде болсун! Бул суусундуктар бөйрөктүн иштешине тоскоолдук жаратат.
5. Ооруну басаңдатуучу дарылар
Ооруну басаңдатуучу дарыларды көп колдонуудан сак болуңуз. Бөйрөккө олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн.
6. Белоктор
![]()
Белок организмге пайдалуу зат болуп эсептелет. Бирок ашыкча колдонсоңуз, бөйрөгүңүзгө күч келет.
7. Уйку режиминин бузулушу
Сасык тумоолоп калганыңызга карабай иштеп жүрөсүзбү? Иштен кол бошобой, аз уктап жатасызбы? Эгер бөйрөк керек десеңиз, анда уйку режимин бузбаңыз. Ооруп калганда да уйкуга басым коюңуз.
8. Алкоголдук ичимдиктер
Алкоголдук ичимдектерди өлчөмүнөн ашыра ичип жүрсөңүз, эртели кеч өкүнүп каласыз. Андыктан, бөйрөгүңүз жарактан чыгып кала электе зыяндуу адатыңыздан арылыңыз.
Булак: КТРК