Мамлекеттин эсебиндеги «Мегаком» компаниясынын сатыкка чыгарылганына көп убакыт болду. Анын сатылышына каршы чыккандардын да катары калыщ болгон. Компания банкрот болгуча сатып жиберүү керек деген аргументти карманган мамлекет дагы деле сата албай атат.
Ишкерлер компанияны сатып алууну эмнеге каалабай атканын экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова «Марал» радиосуна билдирди.
Анын айтымында, компания ашыкча саясатташып кеткендиктен ишкерлерди чоочулатып атат.
«Аукционго үч жолу койду. Инвесторлор кызыккан жок. Алар ачыктан-ачык айтып жатышат, “бизге саясатташкан ишкананын кереги жок” деп, алар да коркуп жатышат»,- деген профессор.
Ал ошондой эле эгер компанияны элдин эсебинде калтырууну кааласак, сатып алуучусу эл болушу керек деген пикирин билдирген.
«Элдин карамагында калтырыш үчүн аны эл сатып алышы керек. Мисалы, чоң-чоң америкалык ишканалардын акцияларын жөнөкөй элдер миллиондоп сатып алып, бардык жер шарында алып жүрө беришет. Ал үчүн ишкана ачык акционердик коом болушу керек»-деп белгилеген.