Бир жаштагы өзүнүн баласынын өлүмүнө шектүү аял СИЗО-1ге киргизилди.
Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде козголгон. Аялга психиатриялык экспертиза дайындалды.
Шектүүнүн кошуналарынын айтымында, ал психикалык жактан жабыркаган жана окуяга болоордун алдында күйөөсү менен ажырашкан.
Окуя Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында болгон.