Печать
Категория: Коом
Просмотров: 207

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Жылдызкан Жолдошова менен Асия Сасыкбаева бир нече жылдан бери соттошуп келишкен.

 

Соттошууга Асия Сасыкбаеванын 2010-жылдагы Ош жергесиндеги коогалащдын келип чыгышына Жолдошованы байланыштырган билдирүүсү себеп болгон.

Мындай далилсиз билдирүүгө чыдабаган Жолдошова Сасыкбаеваны сотко берген.

 

«Биринчи май райондук соту чечим чыгарды. Анын негизинде Сасыкбаева 50 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт. Шаардык сотко мөөнөтү өтүп кеткендиктен кайрыла албады», - деди Жолдошова.

 

Буга чейин Жылдызкан Жолдошова дагы бир экс-кесиптеши Эркингүл Иманкожоеваны да сотко берип, утуп алган.