Бүгүн, 5-июнда, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болууда.
Сот отурумунун жүрүшүндө, Текебаевдин адвокаты Чына Жакупбекова айыпталуучунун айыбы жоктугу күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен тастыкталып атканын белгиледи. Алардын катарында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, депутаттар Салянова жана Шыкмаматовдор да бар. Андан тышкары, күбөлөрдүн тизмесинде экс-Коргоо министри Исмаил Исаков жана Убактылуу өкмөттүн курамында жүргөн Эмилбек Каптагаев да бар.
Адвокат Канат Хасанов сот отурумуна президент Атамбаевди да күбө катары чакырууну соттон өтүндү.