Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

 

 

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту.Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин ооруканада көз жумган.


Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок 1-июнда каза тапкан. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы бир нече кишиге карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

 

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.