Учурда абакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту кечээ, 1-июнда болду.
Интернет тармагына сот процессинен тартылып алынган видео жарыяланды. Анда, кичинекей бала тор артындагы атасына барам деп талынып, «ата» деп ыйлаган. Баланын ыйын уккан ар бир адам кейишке батчудай.