46 жаштагы Шамсия Асаналишоева элчилик кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Айтымында, ал жакында Сауд Арабиясынын аймагынан чыгат, бирок азырынча так датасы белгисиз.
К үн мурун Миграция боюнча эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү Асаналишоеванын мекенине кайтып келишине жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
Тажикстандын жараны, Бадахшан телеканалынын мурдагы журналисти Шамсия Асаналишоева Сауд Арабиядагы жумуш берүүчүнүн үйүндө кыйноолорго кабылып, сабалганын билдирген.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун бейрасмий маалыматына ылайык, учурда 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы 200гө жакын тажик аялы араб өлкөлөрүндө үй кызматчысы болуп иштешет.