Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

 


Бишкекте бир тууган ага-инилер үй талашып мушташып, анын кесепетинен бири каза тапты.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

 

Анда айтылгандай,  28-майда  Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 53 жаштагы киши катуу сабалып, ооруканага жеткирилгенин кабарлаган маалымат алган. 

 

Сабалган адам  бир  тууганы менен мушташканын арызда жазган. Ооруканага жеткирилгенден бир күндөн соң каза тапкан. 

 

Арыздын негизинде, милиция 1977-жылы туулган, мурда соттолгон С.К. аттуу шектүүнү кармаган.

 

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

 

 Маалыматка караганда, ага-инилер айылдагы ата-энесинен калган үйдү талашып мушташышкан.