Бишкекте бүгүн кечке жуук болгон шамалдан дагы дарак кулады.
Күбөлөрдүн айтымына караганда, Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө өсүп турган дарак, катуу шамалга туруштук бере албай, токтоп турган автоунаанын үстүнө кулаган. Анын жер астындагы тамыры да жулунуп кеткен.
Окуя болгон жерге «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери барышкан.