Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

 

Маалыматка караганда, учурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев бир убакта КТРКнын жетекчилигинде турганда, мамлекетке зыян келтирген. Ага байланыштуу азыр кылмыш козголуп, тергөө жүрүүдө.

 

Акыйкатчыга 13 миллион сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланган деген айып тагылган. Ага «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу», «каржылык чыгым келтирүү», «коррупция» беренелери колдонулган.

 

Эске салсак, Акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу өз пикирин билдирип келген. Айрым саясий маселелерде бийлик менен көз карашы төп түшпөгөнү байкалган.