Печать
Категория: Коом
Просмотров: 299

 

Бул тууралуу ИИМдин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев билдирди.

 

Маалыматка караганда, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө тийиштүү кызматтар тарабынан 20 жаштагы кыргыз кызынын барымтада калганы тууралуу маалымат келген. Кызды барымтага алган адамдар туугандарынан бир миллион сом талап кылганы да белгилүү болгон.

 

Андан ары  Москвада 2017-жылдын 22-майында     кыргыз улутундагы төрт жигит 20 жаштагы Кыргызстандын жараны К.К.А. аттуу кызды   уурдашып, кайсы бир  батирге алып барышканы жана туткунга алышканы жана  уурдалган кыздын Чита шаарында иштеген 22 жаштагы бир тууган эжесине байланышка чыгышып, сиңдиси барымтадан  бошоткусу келсе,  миллион рубль  синдисинин Сбербанк карточкасына которушун талап кылышканы айтылат.  Андай кылбаса, кызды   өлтүрүп, органдарын сатып жиберээрин айтышып, коркутушкан.

 

Бирок, иликтөө иштеринин негизинде окуя такыр башка өңүттө ачылган. Аскат Алиевдин айтымында, ал уурдоону барымтадагы кыз өзү уюштурган.