Ушул күндөрү республикабыздын ар кайсы айылдарындагы мектептеринде 10, 20, 30, ал тургай 40 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуулары белгиленүүдө. Ага бир эле Бишкектен эмес, Москва, Алматы сыяктуу шаарларда иштеп жүргөн жарандарыбыз киндик каны тамган айылына барып, белгилешүүдө. Бирок бир аз жылдары мурда ушул тегерек бүтүрүүчүлөрдүн жылдыктары ичкилик менен коштолуп, анын арты мушташ, адам өлүмү менен аяктаган учурлар да болгон.

 

Ал эми быйыл айрым бүтүрүүчүлөр андай кырсык коштогон шаан-шөкөттүн ордуна өз айылынын жок дегенде бир социалдык көйгөйүн чечүүнү колго алышууда. Мисалы, Кочкор районунда бүтүрүүчүлөр үйү жок аялга үй салып беришсе, Лейлектин Кара-Булак айылынын бүтүрүүчүлөрү айылдын көчөлөрүнө жарык орнотушту. Ушул эле райондун Исфана шаарынын Тайлан айылындагы “Тайлан” атындагы орто мектебин 20 жыл мурун аяктагандар шаардагы “Тайлан” атындагы мечитке таза суу чыгарып беришти. Аксы районундагы бир айылда болсо, Париждеги Эйфел мунарасынын кичинекей макетин орнотушту. Ушундай жакшы саамалыктар республикабыздын башка да айылдарында да колго алынууда. Бул элибиздин пейили оңолуп, аш-той, ичкиликтин ордуна соопчулук иштерди жасай баштагандыгынын белгиси эмеспи.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити