Печать
Категория: Коом
Просмотров: 235

 

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын жарыя, көрнөк-жарнактарын илүүдө кетирген катачылыктары, жарнакилинген жайлардын ээлеринин уруксаты жок жана мыйзам жол бербеген коомдук жайларга илгенине байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Мекеним Кыргызстан” жана “Ата-Журт” саясий партияларына эскертүүлөр берилди.

 

-Ошондой каржы маселелери боюнча берилип, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар жана каржы чыгымдарынын отчёту өз учурунда аймактык шайлоо комиссиясына берилбегендиги да эске алынды. Буга байланыштуу“Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Бүтүн-Кыргызстан” жана “Республика” саясий партияларына эскертүүлөр берилди, –дейт Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева