Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болуп, Ислам оюндарында жеңишке жетишти.
Спортчунун айтымында, Азия чемпиондугуна көп күч коротпой, ишенимдүү жеткен.
«Ислам оюндарына биз толугу менен даяр элек. Моралдык-психологиялык, физикалык жана тактикалык планда. Жол гана бир аз күчтү алганы болбосо, мага анчалык оорчулук келген жок. 58 кг салмак категориясында үчөө болчубуз. Түркиядан келген спортчу менен буга чейин күрөшкөм. Азербейжандык спортчулар кантип күрөшөөрүн Европа чемпионаттыгында көргөм. Финалда ашыкча күч коротпой жеңип атканымды билдим», - дейт Тыныбекова.
Ал ошондой эле 2020-жылы Токиодо өтчү Олимпиада оюндарында алтын медалга жетээрине ишенимин билдирген.