Печать
Категория: Коом
Просмотров: 233

 

 22-майда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районун тургундары ооруканага түшүшкөн. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү, атасы, апасы жана үч баласы болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, үй-бүлө мүчөлөрү тамакка ууланышкан.

 

Маалыматка караганда, 21-майда эртең менен аталган  райондун  Охна айылында жашаган   үй-бүлө тойго барышкан. Ал жактан   кайнатылган этти  көтөрүп келишкен. Эт полиэтилен баштыгына салынган. Этти кечинде жеген үй-бүлө мүчөлөрү   эртеси, 22-майда саат 06:00 чамасында ичтери ооруп, куса башташкан.

Саат 7:45 чамасында   аймактык ооруканага кайрылышкан.   

 

 «Учурда алардын абалы канааттандырарлык», - деп билдирди аталган министрлик.