Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, Москвада кыргызстандык мекендешин тоноого аракеттенген.
Маалыматка караганда, полицияга Кыргызстандын 38 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Жулебин бульварында эки белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылганын айткан. Бейтааныш эркектер аялдын сумкасын жана уюлдук телефонун жулуп алууга аракеттенишкен. Бирок, аял активдүү каршылык көрсөткөндүктөн, тоноочулар качып кетишкен.
Полиция тоноого аракеттенгендердин бирин кармаган, а экинчиси качып кеткен.
Учурда тоноого аракеттенген деп шектелген адамга кылмыш иши козголду.
Ал дагы Кыргызстандын 32 жаштагы жараны болуп чыккан.