- Акин агай, издөөдө жүргөн 66 жаран террористтик уюмдарга байланышы бар экени  ачыкка чыга баштады. Бул нерсе Кыргызстан диний-радикал топтордун аймагына айланып калды дегенден кабар бербейби?

 

- Биринчиден, “66 жаран террористик топко байланышы бар”- деп кайсыл булактан далилдүү фактылар менен алыныптыр? Бул “66” деген сан, күч органдардын ойлоп тапканы, ошого карата иш жүргүзгөнгө даяданып жатат. “Баягы биз айткан 66 жаранды кармадык” деп бей-бечера, күнөөсү жок момун мусулмандарды курмандыкка чалганы жатышат. Россияга жана Америкага отчет бериш үчүн жасап жатышат. Анткени, алар бул көрсөткүч менен Россияга “террористердин уюгун жоготтук” деп айтып, алган гранттарды акташат.  Кыргызстанда диний-радикал топ болгон эмес жана жок. Эгер диний радикал болгондо Мамлекеттик дин комиссиясынын мыйзамсыз чыгарып жаткан кортундусу үчүн директорун баш кылып, эксперт болуп олтурган жалганчы кызматкерлерин, милийсаны, тергөөчүнү, прокурорду, сотторду майып кылып, союп, атып, өрттөп кетишмек, “силер бизди мыйзамсыз соттогонсуңар”- деп. Бул дагы бир чоң далил, Кыргызстанда террорист да, экстремист да жок. Болгону террорчу, экстремист деген жалаа менен  бутуна чалынып жүргөн байкуштар мыйзамсыз соттолуп жатат. Ушул жол менен бийлик бара берсе, экстремист да, террорист да чыгат. “Жалган жеринен соттолбой, кылмыш иш жасап соттолоюн”- деп. Бул факты боюнча мен да гезитке макала жазганмын: “Кээде өзүм да эктремист, террорист болуп кетким келет”- деп. Биздин элдин көпчүлүгү түшүнбөйт, “террористер бар экен” деп ишенишет. Эгер сакалчан хулиган же бандит, рэкет же каракчы болуп калса, аны бийлик дароо эле террорист-экстремист кылып коёт. Ал эми ошол сыяктуу атеист кармалып калса, аны хулиган же бандит, рэкет же каракчы катары соттоп коюшат. Сакалчандарды коомго жеңил көрсөтүшөт, радикал-террорист деп. Ал эми сакалчандар атайын сакал коюшат, кой терисин жамынгансып, “биз мусулманбыз” деп бандиттик иш жасаш үчүн. Дагы бир жолу айтарым - Кыргызстанда радикалдуу террористер жок, бийлик өзү мажбур кылышы мүмкүн, күндүр-түндүр адамдын укугун буза берсе, террорист өзүнөн-өзү жаралат.

 

- Сиз террорист деп камакка алынгандарды жакшы жолго салууга мүмкүн экенин айтып келесиз. Аларды кантип ал жолдон бул жакка бурууга болот?

 

- Мен адвокат катары көп жолу кармалган балдарды өлтүрө сабап, ур-тепкиге алып, чыпалактарына электр тогун жиберишип, моюндарына алдырышканына күбө болдум. Жаны кыйналган адам баарын мойнуна алып,  “мен террористмин” дейт. Эгер “адам кармалгандан баштап,  адвокат келмейинче сурак алууга болбойт”- деген мыйзам чыгарганда, анда бизде бир да террорист-экстремист болмок эмес. Алар болгону жөнөкөй эле кылмышкер болмок, хулиган же каракчы, тоногуч. Парламент мыйзам чыгарыш керек деген ойго кептелип жатам. Анткени,  шектүү адам кармалса адвокатсыз түшүнүк алынса, берген түшүнүгү мыйзамсыз деп табылсын дегенде гана мыйзам жолуна салынат, ошондо күч органдар тарабынан зордук-зомбулук болбой калат. Бийлик мунун баарын билет. Болгону чет элден террорист-экстремист үчүн грант албай калабыз деп коркот. Анткени, мен айткан нерсе ишке ашып кетсе, чоңдордун чөнтөгүнө миллиондогон акча түшпөй калат. Бийликтеги 5-10 кишинин кызыкчылыгы үчүн, он миңдеген кыргыз жаранын сыздатып жатышат. Өкүнүчтүүсү, бул программаны атайын чет мамлекеттин чалгынчылары иштеп жатышат. “Кыргыз эли менен өкмөт тирешип турсун, алсыздаталы, бири-бирин жок кылалы, кыргыз элин чачыраталы”- деген саясатты түшүнүшпөй жатышат, акчага алданышып, күнүмдүк кызыкчылыкты көздөп, түбөлүгүн ойлобой жатышат.

 

- Кыргыстанда “террористтик уюмдарга, экстремизмге тиешеси бар”- деп камалгандардын басымдуу бөлүгү күнөөсү аныкталбай туруп, 10-15 жылга кесилип жатканын айтып келесиз. Чынында террорист, экстремист дегендер сиздин баамыңызда кандай болот?

 

- Чыныгы террорчу, экстремист дегендер бийлик болуп калды, өз элине шарт түзүп бербей, мыйзам чегинде иштебей, шектүү кармалган адамдарды кыйнап, сабап, мойнуна алдырып жаткандарды жашырып жатышат. Мыйзам бузган күч органдарды, прокурорду, тергөөчүнү, сотторду жоопко тартпай жаткандыгы жана ошолор саясый заказ аткарып жаткандыгы чет элдик террорист менен экстремисттерден да өтүп кетет. Негизи дагы бир кайталап кетейин - бизде террористик жана экстремисттик уюм болгон эмес жана жок ушул күнгө чейин. Кимиси мага келсе да мен аларга террорчу катары соттолуп жана атууга кеткендер жөнөкөй эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун түшүндүрүп бере алам.

 

- Террористтерди өзүнчө түрмөгө камаш керекпи же кылмышкерлер менен бир эле камай берсе болобу?

 

- Президент, парламент, өкмөт кылмышкерлерди бири-биринен бөлүп чоң жанылыштык жасады. Бөлүп койгондон майнап чыкпайт, алардын үй-бүлөсү бар, бийлик аларды террорчу катары эсептесе, үй-бүлөсү, туугандары жана жек жааты аларды андай деп ойлошпойт. Тескерисинче, өкмөттү күнөөлөшөт, “адилетсиз камады” деп. Мисалы, мен жазган 1700дөн ашык момун мусулмандар экстремист, террорчу катары мыйзамсыз соттолуп кетишти. Аларга жан таркандардан 20 эле киши болду дейли. Эми өкмөттү жек көрүп калган 1700 камалган адамдын канча жек-жаат, тууганы болот. 1700 адамдын артында 170 миң адам турушу мүмкүн, анын баары өкмөттү жек көрүп жатат да! Бул сан күндөн-күнгө өсүп жатат. Өкмөт изилдөө жүргүзбөйт да, менин айткандарымды четке кагып. Эгер мыйзамсыз соттолуп кеткендердин саны өсө берсе, кырдаал оорлошот. Ошондо радикалдуу мусулмандар чыгат жана “бизге халифат керек” деп чыгышат, биздин атеист өкмөт башчылар ошону каалап жатабы? Менин сунушум - түрмөлөрдү кайтадан ревизия  жасаш керек: мыйзамсыз камалгандарды тезинен кылмыш ишин кайра карап чыгып, түрмөдөн чыгарыш керек, реабилитация  жолу менен, компенсация төлөп берип. Биздин бийликте эл үчүн иштебей эле, тажрыйбасы, билими жоктор отурат эл башкарып. Ошондуктан мыйзамсыз болуп жатат, орустар айткандай: “живём по понятиям”. Түшүнүк менен жашап калдык, мыйзамдуу адамдын эркиндигин сактабай, зордук-зомбулук менен иш алып барышып жатат.

 

- Сиз “тийешелүү билими жок, муфтийлик талапка жооп бербейт, тыюу салынган агымдын мүчөсү”- деген муфтий экинчи ирет дагы шайланды го?

 

- Муфтий бийликтин талабына жооп бергени үчүн экинчи жолу шайланды. Ал жөнүндө мен мурда да кеңири айтканмын. Чубак ажы, Абдышүкүр жана башка аалымдар бийликтин талабына жооп беришпейт. Себеби, алар ажылыктан түшкөн акчаны бийлик менен бөлүшпөйт, жетим-жесирлерге беришип.

 

- Айрымдар “терроризм менен күрөшүүнү муфтияттан башташ керек. Ал жерде тыюу салынган агымдарга кирип, тымызын алардын идеясын жайылтып жүргөндөр бар”- дешет. Ишенсек болобу?

 

- Жок, ишенсе болбойт, тымызын эч ким идеясын жайылтпайт. Анткени, бат эле ким кандай иш менен алек болгону билинип калат. Аалымдардын гана арасында бир аз келишпестиктер бар. Аны бат эле жоюуга болот, эгер аалым муфтий келсе, аалымдар кеңешине аалымдар шайланса, ошондо баары бир нукка келмек. Бийлик муфтиятка кирип алып “террор” жасайт. Ажылык башталганда ар кандай оюн уюштурат, “компьютер тандайт ажыкени”- деп, чүчү-кулак ойнотот лотерея сыяктуу, кыскасы адамдын башын айлантышат. Мисалы, экс-муфтий Чубак ажы тизме киргизген, “ким кандай катталса жана акча төлөнсө ошол тизме менен ажылыкка барат” деп. “Кезек жетпей калгандарга, кийинки жылы кезеги сакталып, биринчи катарда барат”- дегенди бийлик кийлигишип жактырбай алып таштап, башаламандыкка алып келишти. Башаламандыкта элди алдоо жеңил болот. Ошондуктан Чубак ажы киргизген системаны алып таштап, коррупциялык схема киргизишкен. Муфтиятты, Дин комиссияны диний аалымдар башкарганда гана муфтиятта бийлик менен чырмалышкан коррупция жоголуп, ар кандай диний агымдарды токтотот. Өкмөттүн аны токтотконго алы келбейт, себеби алар диний сабатсыз. Күч колдонуу жолу менен эч качан жеңишке жетишпейт, тескерисинче өздөрүнө каршы коомдук пикир  жаратышат.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити