Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

 

Бул тууралуу конституциялык мыйзамдуулук, мамтүзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Айтымында, талапкер үгүттөөчүлөрдүн эмгек акысын 300 сом деп көрсөтүп, а иш жүзүндө 1000 сомдон төлөгөн.

 

Депутат Мирлан Жээнчороев шайлоо алдындагы штабдардын үгүтчүлөрүн жана жумушчуларын салыктан бошотуу демилгесин көтөрдү.

 

Кесиптешинин бул сунушуна каршы чыккан Исхак Масалиев «Болбогон айлык акы алган мугалим салык төлөйт. Дарыгерлер да төлөшөт. А үгүттөөчү эмнеге төлөбөшү керек?»- деди.

 

Мирлан Жээнчороевдин айтымында, акыркы 20 жылда шайлоо фондунун чыгашаларында башаламандык болуп, коомчулукту нааразы кылууда. Шайлоо алдындагы штабдардын жумушчуларын салыктан бошотуу менен шайлоого кеткен реалдуу чыгаша ачыкка чыгат. Анткени, аларга кеткен чыгымды жашыруунун кызыкчылыгы калбайт.

 

«Президенттик шайлоо алты жылда бир болот. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо – төрт жылда бир жолу өткөрүлөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери бир айдан ашык жүргүзүлбөйт. Ошондуктан, үгүтчүлөр которо турган бирин-экин акча салыгына жармаша берген болбойт», - деди депутат.

 

Исхак Масалиев эгер үгүтчүлөр салыктан бошотула турган болсо, айрым талапкерлер андан пайдаланып, шайлоочуларды бул кызматка алымыш болуп, добушту ачыктан ачык сатып алышы мүмкүндүгүн айтты.

 

«Партиянын кассасына бар да, эч кандай салыксыз эле миң сомду ала бер деп ачык айтш керек анда. Талапкерлердин реалдуу чыгашасын көрсөк эмне болот? Андан деле эч кандай жыйынтык чыкпайт. Чектеп турган салык сыяктуу факторлор керек», - деди Масалиев.