Бу “Фейсбук” деген нерсеге кимдер гана кирбейт экен! Билимдүүсү да, билимсизи да, акылдуусу да, акмагы да... Жердешчилик ооруга чалдыккан кээ бир келесоолор башка региондун адамдарына баткак сөздөрдү чапташат имиш.

 

Жамбыл Камчиевди да ошондой жаман жолго азгырылганын бир гезиттен кабардар болгон соң, биз дароо куудулга телефон чалдык:

 

- Жамбыл аке, “нарындыктардан Кыргызстандын деңгээлинде ой жүгүрткөн адам жок” деп эмне үчүн айттыңыз эле?

 

- “Жамбыл ушинтип айтыптыр” деп жалпы нарындыктарга чаптап, мени жаманатты кылышпасын. Ушуну ошол гезитте иштеген калемдештериңе айтып койгула. Мен нарындыктардын элин эмес, саясатчыларын гана ошентип айткамын. Кана, эл үчүн башын сайып иштей турган кимиси бар нарындыктардын? Жок. Бир гана Борончусу бар. Анысы да коркуп калды. Себеби, эң мыкты деп саналып жүргөн Карганбек Самаковун бийликтегилер камап коюшту. Төбөсү көрүнүп калган дагы бирөөсү Семетей Талас уулу деген журналистин сабап салды. Депутаттыкка журналистикадан барган бир айымын түзүк чыкты ойкшойт деп жүрсөм, анысы бир жаш кызды оозго алгыс сөздөр менен ашата сөккөн турбайбы. И-ий, бетим!.. Анын оозунан чыккан сөздөрдү угуп алып, төбө чачым тик турду.

 

- Кечиресиз, сиздин төбөңүздө чач бар беле?

 

- Күч келгенде чач дагы пайда боло түшөт экен. Анан... Азыр сөгүнгөндөргө каршы мыйзам бар. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопко тартылышы керек. Балким, жогорку постто олтурган СДПКчылар “өзүбүздүн членибиз” деп жанагы сөгүнчөөк депутатын канаттарына калкалап, “аппак” кылып коюшаар. Карга да баласын “аппагым” дейт эмеспи. Кыскасы, мен нарындыктардын азыркы тыңчыкмаларын эмес, карапайым калкын сыйлайм!

   

Булак: “Майдан kg” гезити