Печать
Категория: Коом
Просмотров: 237

 

Түркиянын Анталия шаарындагы укук коргоочулар тарабынан сойкуканалардын ишмердүүлүгүн тыюу боюнча рейд жүргүзүлгөн. Анын негизинде, Гүзөлоба районунда 84 адам кармалып, анын 22си кыргызстандык болуп чыккан.

 

Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кыздардын баары Анталия провинциясындагы миграция кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалышууда.

Алар жакын арада Кыргызстанга депорттолушат.