Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

 

Бишкектеги Москва көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жөө жүрүүчүлөр өткөн жерде №13 мектептин 1-классынын окуучусун автоунаа сүзүп кеткен.

Кырсыкка себепкер болгон автоунааны 25 жаштагы кыз башкарган. Ал жол эрежесин одоно бузуп, өтүп бараткан кызды койгон.

 

Окуучу кыздын денеси көгөрүп, канталаган, тилекке жараша акыбалы ооруканада жатып дарыланууга муктаж эмес. Ага үй шартында медициналык жардам алуу керектелет.

 

Автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилип, материал Бишкек ШИИБинин Тергөө бөлүмөнө өткөрүлүп берилди.