БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын шайлоо системасы Францияныкынан эмнеси менен айырмаланаарын айтып берди.
«Эң бир өнүккөн өлкөлөрдө да шайлоо толугу менен электрондук түрдө өтөт деген ишеним жок. Мисалы, Франция чет өлкөлөрдө электрондук добуш берүүнү колдонуудан баш тартты. А бизде электрондук системадан тышкары кол менен саноо да бар», - деди Шайлдабекова.
«2015-жылдагы тажрыйба эгер колубузда добуштардын кол менен саналган жыйынтыгы бар болсо, шайлоодон кийинки таң бейпил атаарын көрсөттү»- деп кошумчалады ал.