Печать
Категория: Коом
Просмотров: 183

 

“Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын телефон аркылуу айтышы коомчулуктагы чачтуулардын баарынын чачын бирден тике тургузду окшойт. Айтыш деп айтуу туура эмес болоор, айтышта эки тарап тең бирдей ооздорун кыбыратат, а мында депутат эле  үстөмдүгүн көрсөтүп, журналистти “жерден алып көргө, көрдөн алып жерге” салып, “ак ит менен кара итти” болушунча агытыптыр.

 

КСДПнын лидери Иса Өмүркулов депутат Мусабекованын бул жоругу фракцияны “шок” кылганын маалымат каражаттарына айткан болчу. Алдыда президенттик шайлоо жакындап келатканда, “абройлуу” делген бакыйган фракциянын “маданиятка эмгек сиңирген” депутаты “эл караган беттерин жер каратып” атса, “шок” болбогондо кантишсин.

 

КСДПнын катчылыгы Жылдыз Мусабекованын жоругу фракциянын жыйынында карала турганын билдирди. Бирок, кайсы күнкү жыйында каралаары так айтылбады.

Депутаттын журналист кызды коркутуп-үркүткөнү телефондогу үн жазууга жазылып калганын Мусабекова айрым маалымат булактарына: “Бул монтаж. Мен андай сөздөрдү айтпагам. Бул КСДПнын абройуна кезектеги чабуул”,- дегендей пикирин билдирген.

 

КСДПнын аброюу сырткы душмандарсыз эле, ичтеги депутаттардын айынан түшүп атканы менен иши жок…

 

“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити