Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

 

Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аймактагы жер көчкүнүн астында 24 адам калып кеткен. Аларды издөө жараянына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматы жана жергиликтүү жарандар активдүү катышып жатышат. Ушу тапта көчкү алдында калган үч адамдын сөөгү табылганы белгилүү.

 

- Мурдатан катуу эскетип, анан бекем ынандырышса, бул жерден эбак эле көчүп кетпейт белек,- деди көзүнөн жашы токтобогон Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу айылынын тургуну Шернияз Розабаев. – Эми түштөн кийин бийликтегилер баардык айыпты кайра биздин моюнубузга жүктөп жатышат. Анан моминтип баарыбызды аргасыздан убактылуу көчүрүп дагы тынышты. Эми Өкмөт айласын таап, көчкү алдында калгандардын сөөктөрүн таап, колубузга карматсын! Маркумдарды ак кепиндеп көөмп, тууганчылык парзыбыз аткаралы?!?


- Мындай катарынан жер көчкү жүрөөрүн кайдан билиптирбиз. Адистер эмнени карап олтурушат? Бир ооз эскетип коюшпайбы? – деп суроону кабыргасынан койду Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу айылынын дагы бир тургуну Махамадамин Гадаев. – Эми түштөн кийин баары акылдуусунганын коюшсун? Андан көрө мындан кийинки камыбызды көрүшсүн! Ар үй-бүлө башына коопсуз жайдан жер тилкелерин жана там салганга токтоосуз ссуда беришсин? Калганын өзүбүз эптеп алабыз. Азыр моминтип табалап, анан  акыл үйрөтө турган убак эмес, тууган!


Издөө жараянына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 64 куткаруучу, №53-өрт куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу керектүү техникалар менен күнү-түнү активдүү катышып жатышат.


Бул аралыкта аталган Аюу айылынын тургундары менен Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы бетме-бет жолугушуп, маркумдардын тууган-уруктарына көңүл айтып, аюулуктардын бири дагы көңүл сыртында  калбастыгын, жапа чеккендер тешелүү жардамдарды алышаарын катуу убада кылды. 


Алдын ала кабарларга караганда, Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүнүн алдында калган 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар. Ош облустук саламаттыкты сактоо боюнча координатору Элмира Нарматованын айтымында, 6 бала мектеп окуучулары болсо, үчөө мектепке чейинки курактагылар экен. 


Акыркы маалыматка таянсак, Аюу айылына ушул жылдын 30-апрелинде кадимкидей кар жаады. Мындай кырдаал издөө жана куткаруу иштерине ого бетер кыйынчылык жаратууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, күндүн сууктугунан улам убактылуу чатырга жайгаштырылгандар дагыле үшүп-тоңуп жатышат. Ушул тапта куткаруучулар жана медицина кызматкерлери жергиликтүү калкка керектүү жардамдарды такай көрсөтүп турушат. 


Үстүбүздөгү жылдан 28-апрелинде таңга маал, саат 07:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылында болжол менен 1 млн метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 7 турак жайды басып калган. 30-апрелде Кыргызстанда буга байланыштуу аза күтүү күнү өттү.

 


Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Өзгөн району, Булак: "Майдан. kg" гезити