Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

Мэрлик кызматты аркалап турганда, чындап эле Бишкек шаары таштандыдан айрылып, көчөлөр ыңгайлашып, шаардын Түштүк магистралдык жолу салынган, бир далай айдоочуларга жеңилдик жаратканы жалган эмес. Бишкек шаары көрктөнүп, таза шаарга айланып бараткан эле.

 

Ал эми Наримандын атасы, раматылык Түлеев Ташболот өзү дагы жаратман, ишкер адам болчу. Нарын областык кооперациясына эмгеги сиңген, атак-даңка ээ болуп, эл урматтаган сыйлуу адам эле. 90-жылдары СССР кыйрагандан кийин, эл баш отун таба албай, эмне кыларын билбей жүргөндө Ташболот аксакал биринчилерден болуп курулуш менен алек боло баштайт. Үй-бүлөсү толук бойдон ишкерлик менен алек болушуп, бир далай жетишкен эмгектери менен бааланган. Бир дагы баласы жалкоолук, оюн-зоокко кызыкбай, күнү-түнү эмгектенип келгени көпчүлүккө маалым.

 

Ташполот аксакалдын үзүрлүү эмгеги менен Бишкекте бир далай көрктүү үйлөр, имараттар курулуп, миңдеген адамдар жумуш орун менен камсыз болгон. Түлеев Ташполоттун эмгегин эл баалаган, бирок байлыгына бийлик кузгундай болуп көз артып келгени жалган эмес. Атасынын жолун жолдогон баласы Нариман Түлеев дагы тың чыгып, өзгөчө Бишкек шаарына МЭР болуп турганда эмгеги менен бааланганын шаардын тургундары күнү бүгүнкүдөй баалап-барктап келет. Н.Түлеевдин атагы жекеле Бишкек шаары эмес, бүткүл Кыргызстанга белгилүү болуп, эл колдосуна ээ болуп келетканы ичи тар бийликке жакпай келген. Нариман Түлеев КР ЖК депутаты болуп турганда премьер-министрликке талапкерлигин койгондо, парламенттен 27% колдоо табат. Ошондон кийин Н.Түлеевди эл колдосуна ээ экени бийликти ойлонтууга туура келген.

 

Себеби Нариман Түлеев эл арасында жаратмандыгы менен таанылып, кайсы гана кызмат өтөбөсүн президент болобу, премьер-министр же мэр кызматын өтөсө дагы ишти натыйжалуу алып кетерине көзү жеткен бийлик, арам план түзгөн. Бир чети, Нариман Түлеевдин шайлоо кампаниясына акчасы дагы жетишерлик, “эч кимге көз каранды эмес турбайбы”- деп туруп, саясый куугунтукка алынган. Мунун натыйжасы Нариман Түлеевге жалган кылмыш иш токулуп, камакка алуу менен бүткөнү дайын. Ак үйдүн буйругу менен токулган кылмыш ишин эч бир далили жок соттук териштирүүгө тапшырышкан. Сотто дагы Н.Түлеевдин жана өзү менен кызмат өтөгөн адамдардын бир дагы күнөөсүн далилдей алышпады. Анан эле кара күчкө салып, 11 жылга кесип жибергени аша чаап кеткени болгон, сотто “үй-мүлкүнөн ажыратуу” деген үстүртөдөн чыккан чечим эле. Бирок соттун өкүмүндө “конфискация” делген эч жерде жок. Кандай мыйзамга таянып Түлеевдердин мүлкүн ажыратып жаткандарын билүүгө дагы болбой, сыр бойдон калууда. Себеби сот процесси кара күчкө салып, мыйзамсыз өткөнүн ачык эле көрдүк. Соттук териштирүүлөр Ак үйдүн буйюртмасы менен өтүп жатат. Ал эмес коллегиялык соттордо дагы көз карандысыз соттук териштирүүлөр болгон эмес, бийликтин буюртмасына ылайык өкүмү чыккан.

 

Ошондуктан Нариман Түлеевдин мүлкүн териштирүү жана ага тиешелүү мүлкүн тастыктабай туруп бардык Түлеевдердин мүлкүн мыйзамсыз, күч менен тартып алып жатышат. Кийин акыйкат заман келгенде, кайра эле соттук териштирүүлөр болот. Нариман Түлеевде акталууга толук далилдүү документтер бар, ошондо кайра мүлкүн кайтаруу болот, ошондо өкмөттүн эсебинен үч эсе кайтарып берүүгө туура келет. Бийликтин атайын кылган кыянатчылыгы үчүн, биз карапайым адамдар эмне үчүн жапа чегишибиз керек? Себеби компенсация төлөгөндө биздин чөнтөгүбүздөн алат эмеспи. Прокуратура, сот, күч органдары - мыйзамсыз кылган ишиңерге жооп бере турганыңарды унутпагыла.

 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу