Редакциядан: Бизге бир топ жаңы жазылган, сыясы кургай элек ырларын көтөрүп акын, жазуучу агабыз Сейит Жетимишов келиптир. “Акыркы кезде китеп чыгаруу чоң түйшүк, а гезиттерге алып барсаң, окурмандардын кызыгуусу жок экенине шылтап чыгарбайт”,- дейт. 80 жаштын оокатын жеп жаткан элибиздин көрүнүктүү инсаны, кыргыз адабиятына, маданиятына өчпөс изин калтырып келаткан агабыздын жаңы чыгармалары да абдан мазмундуу. Биздин гезитте романдар, аңгемелер, поэмалар, б.а. акын-жазуучулардын жаңы эмгектери тынбай жарыяланып келатат. Ошонун катарында бүгүн Сейит агабыздын калемине таандык жаңы ырларына да орун беребиз...
Күрөшүп, атышып да тындык деген,
Дүйнөдө бир бийлик бар чындык деген.
Кулагым куйкаланат куу сөздөрдөн,
Акчага башын уруп: “Кулдук” деген.
Сен келсең чындык бийлик тосор элем,
Жагынбай жалынымды кошор элем.
Айлансаң ак буудайдын талаасына,
Сербейген отоо чөптү отоор элем.
Азыр мен жашап жүрөм жарым ачка,
Баары бир сөз жазамын аска-ташка.
Мен сага чындык-бийлик “Кулдук” урам,
Келегөр, кайрылбастай менден качпа.
23.03.17
ххх
Жамандык ойго келбейт ойлобоймун,
Жамандык сени менен ойнобоймун.
Жабыркап жаны күйгөн жанды көрсөм,
Жан-вино сени ичип тойлобоймун.
Адамга түк да болбой касчылыгым,
Адамга тийсе экен дейм жакшылыгым.
Сай сөөгү сыздап турган жанды көрсөм,
Сызылып чыкпай калат каткырыгым.
Жашоодо айтылбастай ушак жокпу,
Жаныма батып кетсе ушак-сокку.
Айласыз тиктеп туруп унутамын,
Алдымда күйүп турган кызыл чокту.
24.03.17
ххх
Илимпоз неге сага боорум ооруйт,
Түйшүктүн азабынан кимдер коруйт.
Бир күнү карап турсам турпатыңды,
Суу ичпей, күн көрбөгөн чөптөй соолуйт.
Думана сага келип кайыр сурап,
Дурустап сени көргөн түшүн жоруйт.
Кара ниет жайып коюп кара тузак,
Кантет деп кайпалактап калбай тооруйт.
Кемсинтет анда сени акчага мас,
Кемпайлар шылдың кылат акылы пас.
А-бирок, агып турат каныңда чок,
Арданбай аска болуп бийикке бас.
Илимге ийилбеген зулум заман,
Акыры болору чын чириген саз.
Табият таарынбасын сага илимпоз,
Таш жарар каныңдагы чогуңду чач.
25.11.16
ххх
Көбөйсө өткөн күндү эстегеним,
Сеземин өмүрүмдүн кечтегенин.
Жан сүйгөн жандуу эмгектен башка чыны,
Адамга кереги жок эчтеменин.
Бирөөлөр тамак, кийим, үйчү дешер,
Макулмун бул үчөөсүз жашоо өчөр.
Жан сүйгөн жандуу эмгек куру койбой,
Үчөөнү үлөштүрүп өзү чечер.
Дүнүйө жыйсам дагы тердеп-термеп,
Дүйнөгө түбүнөн жок эки келмек.
Артыңда калат экен аздыр-көптүр,
Жан сүйгөн жалгыз гана жандуу эмгек.
Көбөйсө өткөн күндү эстегеним,
Сеземин өмүрүмдүн кечтегенин.
Жан сүйгөн жандуу эмгектен башка чыны,
Адамга кереги жок эчтеменин.
27.11.16
ххх
Элестеп көз алдымдан кетпей койдуң,
Эңседим бирок сага жетпей койдум.
Жарк этип жолукканда жанды козгоп,
Жанымдын кыйналганын сезбей койдуң.
Оолугуп оп тартарда бир имерип,
Ойт берип ойноок тайдай четтей койдуң.
Келчүдөй кезгүүчү жыргал-кырдаал,
Кыйналсам кылт эткенсийт сырдуу жыргал.
Эмесе өзөндө өскөн сүмбө талдай,
Эреркеп чакыргансып желге ыргал.
Суу чымчык ташка конгон эп-леп этип,
Сулуулап сени көрсө сайрап-ырдар.
30.11.16
Булак: "Майдан. kg" гезити