Печать
Категория: Коом
Просмотров: 387

 

- Эл аралык жаштар ассамблеясы жакында бир катар өлкөлөрдүн студенттеринин арасында футбол таймашын өткөрдү, ушул туурасында айтып берсеңиз?

 

- Жаштар ассамблеясы менен КР Футбол федерациясы уюштурган футбол таймашына  араб, түрк, индус, азербейжан, уйгур жана ар башка улуттан бириккен студенттердин курама топтору катышты. Бишкекте чет өлкөлүк студенттер менен биргеликте бир нече футболдук матч өттү. Ар түркүн улуттун өкүлдөрү катышкан футбол оюну КР Футбол федерациясынын чоң талаасында өттү.

 

- Ар түркүн улуттагы студенттерди топтоо да бир топ машакатты жаратса керек?

 

- Ооба, жалпысынан оюнга 90дой адам катышты. Уюштуруу жеңил болбоду, Бишкектеги бардык университеттерди кыдырып, командаларды бирден чогултканга туура келди. Университеттерге барып, чет өлкөлүк студенттерге келген жөнүбүздү айтсак, бир аз көңүлдөнүшпөдү. Башында алар бул иш-чарага ишенбегендей мамиле жасашты.

 

- Биринчи кайсы улуттун студенттери макул болушту?

 

- Алгач индус улутундагылар макулдук беришти. Башка командалар да ушундай ыкмада чогултулду. Буга болжол менен бир айдай убакыт кетти. Уюштургандан кийин демөөрчү издей баштадык. Көбүнө идея жакканы менен ишкерлер мындай кырдаалда албетте, өздөрүн оолак кармоого аракеттенишет. Биз алардын логотиптерин афишаларга да, баракчаларга да чаптадык. Долбоор боюнча финалды түз эфирде көрсөткүлөрү келишкен болчу. Акырында белгилүү ырчылардын коштоосунда концерт берели дегенбиз. Уюштуруучулар бул долбоорду өткөрүп, пайда табууну ойлонгон эмес.

 

- Алардын баары каражат да, жетиштүү каражатты кайдан таптыңыздар?

 

- Турнир өтүп атканда ассамблеянын мүчөлөрүнөн акча топтоп, кетчү каражаттын жарымын чогулттук. Сыйлык фонду менен ырчыларга берилчү гонорарды кошкондо, долбоор 120 миң сомду түздү. Мелдеш болоордун алдында иш-чарага кетчү чыгымдын жарымын төлөөгө убада берген демөөрчү капысынан баш тартты. Бизди бул оор кырдаалдан “Ыйык –Жол” кайрымдуулук фонду менен И.Раззаков атындагы КМТУ куткарды.

 

- “Ыйык-Жол” кайрымдуулук фондуна кандайча кайрылып калдыңыздар?

 

- Биз дайыма бул фонддун иш аракеттери менен кабардар болуп турчубуз. Кантип иштеп атышкандарын, балдарга жардам бергендиктерин билчүбүз. Бир жолу бизге кайрылышып, балдар үйүнө баруунун алдында азыктарды жана кийим-кечелерди кое турууга, убактылуу офис менен камсыз кылуубузду суранышкан болчу. Балдар үйүнө ассамблея алардын акциясынын алкагында китептерди белек кылган.

 

- Бирок, пландалган концерт болбой калдыбы?

 

- Ага чейин биз мэрияга миңден ашуун конок чакырабыз деп кабарлаганбыз. Жарнама үчүн баннер да тапшырык бердик. Бирок, эң акыркы сааттарда ырчыларды ырдатпай эле коелу дедик, каражат аз кете турган жакка ыктадык. Футбол федерациясы концерт коюла турган жерди да камдаган эле.  Бирок, финал башталганда, убактысын жылдырышып, план боюнча 17-00дө баштала турган 13-00дө башталды. Иш-чарага чейин демөөрчүлөр табылып калабы деген үмүт менен WhatsApp аркылуу жарнама таратканбыз. Саат 5тен кийин “концерт болбойт” деген кийинки жарыяны окубай калган балдар келишти. Аларга концерт болбой калды деп айтсак, түшүнүү менен кабыл алышты.

 

- Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты эмнеде болду?

 

- Социалдык долбоордун идеясы - ар бир чет өлкөлүк студент, же турист биринчи кезекте жарнама агенти болуп эсептелинет, алар Кыргызстан тууралуу маалыматты өз мекенине жеткиришет. Ар бир мындай агент жердештерине Кыргызстандын кемчилик жана артыкчылыктарын айтып беришет, кандайдыр бир деңгээлде биздин өлкөгө келип билим алуунун зарылчылдыгы барбы-жокпу, кеңешин беришет. Мамлекет Көчмөндөр оюнуна аз эмес каражат сарптады. Анын мааниси биздин өлкөнү жарнамалоо болду. Мамлекет туризмден киреше алгысы келет. Бирок, үгүт иш чаралары болбосо, жыйынтык чыкпайт. Туристтер жана чет өлкөлүк студенттер менен достошуп, биздин өлкөнүн  туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бардыгы тууралуу маалымат беришибиз керек.

 

- Алдыда дагы кандай пландарыңыздар бар?

 

- Жакынкы убактарда Эл аралык ассамблея “Ыйык-жол” фонду менен чогуу Памирдеги кыргыздарга барып жолугабыз. Баргандагы максатыбыз памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү.

 

- Жаштар ассамблеясын жетекчилигиндеги адам катары айтсаңыз, заманбап жаштардын маселеси эмнеде?

 

- Жаштардын маселеси адеп тарбиясынын унутулуп баратканында жатат. Так ушундан улам адамдын жашоосу кар күрткүсүндөй эле курулуп атат. Жаштарга адеп жана аң-сезимдик жетиштүү тарбия берилбегенде, кантип туура жашоо керек, алдыга койгон максатка кантип жетүү керек деген сыяктуу түшүнүктөр калыптанбай калат. Тилекке каршы, заманбап жаштардын басымдуу бөлүгү ушул нукта чоңойуп атышат. Жаштар көбүнчө көңүл тереңиндеги каалоосун чечмелей алышпайт, акырында каалоолору чөйрөсүнө, андагы адамдарга ылайыкталып, жасалма болуп калат. Жаштардагы дагы бир маселе: күнү бою компьютердин алдында отурушат, ичип-чегүүгө умтулушат, ал турмак баңгизаттарды пайдалангандар да жок эмес. Ошентип, көңүлсүз жашоодо бакыттын булагы болуп берчү шооланы табам деп, адашып, туура эмес жолго түшкөндөр да кездешет. Спортко басым жасоо, жаштардын арасында ар кандай сынак, таймаштарды өткөрүү, алардын жашоону башка тарабынан кароосуна өбөлгө болот деп ойлойм.

 

 

Саадат Асылбекова, Булак: "Майдан. kg" гезити