Печать
Категория: Коом
Просмотров: 264

Тургундарга көчүрүп кетүү боюнча бир нече ирет экертүүлөр берилген, бирок алар дагыле жер которбой жатышат. А түгүл айрым үй-бүлөлөр буга дейре Өкмөттөн жер жана ссуда дагы алышкан.


Маселен, Лейлектин Өзгөрүш кыштагындагы 11 үй-бүлө таш көчкү коркунучу бар аймакта жашашат. Айыл тоо боорунда жайланышкандыктан, жамгыр жааган учурда таштарда жаракалар пайда болуп, кулап түшүү ыктымалдыгы күчөйт. Ушул кезге дейре мамлекет тарабынан аймактагы 4 үй-бүлөгө ссуда берилип, а түгүл көчүп дагы чыгышкан. А калгандарынын жер маселеси дагыле чечилбей турат.


- Коркунучтуу тилкеде дагыле жашап жатабыз. Бир жагынан таш кулайт. Экинчи жактан бир аз эле жамгыр жааса, сел жүрүп, көпүрөбүздү тосуп калып атат. Өтмөк дагы авариялык абалда. Жер берсе, көчүп эле кетмекпиз! – деп ыйлактады Өзгөш кыштагынын тургуну Захридин Мусаев.


- Бул кооптуу аймактагы жети үй-бүлөгө ссуда берүү маселеси Өкмөт тарыбанан чечилген. Бирок, жергиликтүү бийликтер жер бөлүп берүүнү кечеңдетип жатат, - деп коңгуроо какты Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Кыялбек Курганбаев.


Баса, Баткен облусунда таш кулоо коркунучундагы үйлөрүн саны – 25. Мындан тышкары жер көчкү түшүү ыктымалы бар аймактардын саны 84. Булардын 42си Сүлүктү шаарында. Адистер көчүү боюнча эскертүү беришкени менен аларга жергиликтүү бийликтер жер тилкелерин бөлбөй келатышат. Мындан тышкары Баткен облусунда ушул тапта 84 кооптуу тилкеде жалпы жонунан 234 кожолук жашайт. Буга улай 132 үй-бүлөнү коопсуз жакка көчүрүү боюнча аракеттер башталды. А калгандарын коопсуз аймактарга которууга жер тилкелери али аныктала элек. Азырынча райондор аралык сот ишти карай элек. Ал эми Айбек Таалайбек уулу жакынкы күндөрү жер бошотулбаса президентке чейин кайрылаарын айтууда.

 

 

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити