Картинки по запросу кыргызстан страна чудес 

Катарда жайгашкан эл аралык "Ал-Жазира" телеканалы 24-апрелде “Кыргызстан - кереметтер өлкөсү” деп аталган 5 мүнөт 40 секунддук көрсөтүүнү эфирден берди. Анда Кыргызстандын табияты, жайгашкан жери, маданияты, Көчмөндөр оюндары тууралуу баяндалат. Көрсөтүү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында тартылган. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, апрелдин этегине чейин аталган канал Кыргызстандан тартылган алты берүүнү ободон чыгарат. Мекеме бул көрсөтүү бүткүл араб дүйнөсүнө Кыргызстан тууралуу чоң жарнама болот деген ишенимде. Албетте, өлкөбүздө туризм маалы башталар алдындагы мындай жарнаманын миллиондогон көрүүчүлөрү бар, дүйнөдөгү алдыңкы телеканалдан берилип жатышы биз үчүн өтө чоң колдоо болуп саналат. Демек, быйыл чет өлкөлөрдөн Ысык-Көлгө туристтер көп келери күтүлүүдө. Бирок ошол конокторду жогорку деңгээлде тосуп алууга биздин пансионаттар даярбы? Тилекке каршы туристтик маал учурунда башкасын кой, ууру, кески, чөнтөкчү, кылмышкерлер да жанданып, чет өлкөлүк туристтерди тоноону адат кылып алышат эле. Мисалы, былтыр Россиянын Сибирь аймагынан майып кызын дарылатуу үчүн атайын менчик машинасы менен келаткан туристтерди Токмоктун тегерегинде мурдагы милиция кызматкерлери тоноп, “атагыбыз” чыкпады беле. Ал эми Көл жээгиндеги санитардык абал, коттеждердин шарты тууралуу өзүнчө сөз кылса болот.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити