Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

 

27-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук ИИБине курал-жарактар уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, «А.С.» ЖЧКнын сактоочу жайындагы «Макаров» тапанчасына окшогон он травматикалык тапанча жана тогуз  «Сайга» мылтыгы уурдалган. Ал эми патрондорго кол тийбеген.

 

 Учурда уурдоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Бардык милиция кызматкерлерине уурдалган куралдар тууралуу маалымат берилди.