Бүгүн, 28-апрелде Кыргызстандын аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Маалыматка караганда, КР Сейсмология институту бүгүн саат 11:01де күчү 5 баллга жеткен жер титирөөнү каттаган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Тескей Ала-Тоо тоолорунда, Көк-Сай, Темир-Канат айылдарынан түштүк-чыгышты карай 23- чакырымда, Тогуз-Булак айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышка кеткен аралыкта, Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышты көздөй 33-чакырымда жана Кажи-Сай өткөрүү пунктунан түштүк-батышты көздөй 45-чакырымда орун алган.
Жер титирөө Көк-Сай, Тогуз-Булак, Темир-Канат, Кощур - Өлөщ, Комсомол айылдарында – 4 балл, Туура-Суу, Бөкөнбаев айылдарында- 3,5 балл, Кажи-Сай өткөрүү пунктунда жана Бар-Булак, Кара-Коо, Кызыл-Туу айылдарында – 3 баллды түзгөн.