Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы мектептин 5-классынын окуучу кызы 23-апрелде өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган. Учурда аны мындай ишке барууга эмне түрткү болгондугу иликтенүүдө.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, өзүнө кол салган кыз аз камсыз болгон үй-бүлөнүн улуу кызы. Андан кийин үй-бүлөдө дагы төрт бала бар. Энеси балдар менен үйдө отурат, а өгөй атасы ар кайсы иште иштеп, каражат табат. Алар ижарага алынган үйдө турушат.
Мектеп директорунун айтымында, кыздын классташ курбулары бар жана жакшы окуйт.
«Окуядан соң мектепте ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, мектептин администрациясы кызга психолгиялык комфорт түзүүнү сунуштады. Кыздын ата-энеси менен сүйлөшүүлөр болду. Учурда мектеп жетекчилиги кызга психологиялык консультация алууга каражат издешүүдө» , - деп кабарлады министрлик.