Печать
Категория: Коом
Просмотров: 300

 

«Zanoza.kg» маалымат агенттигине каршы Башкы прокуратура доо арыз жазды.

 

Бул тууралуу аталган агенттиктин журналисти Нарын Айып билдирди.

 

Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде жооп берчүлөр төрт адам: журналист Нарын Айып, аталган маалымат агенттиктин редактору Дина Маслова, агенттик жана «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова.

 

Нарын Айыптын айтымында, доо арыз 30-мартта өткөрүлгөн тегерек столдун негизинде берилген. Аны Акыйкатчы институту сөз эркиндигин колдоо максатында уюштурган. Ошол жерде Чолпон Жакупова президент тууралуу пикирин айткан. Ал аталган сайтка чыккандыктан, Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргоого киришкен.

 

Доо арыз ар бир жоопкерден 12 миллион сом төлөтүүнү көздөөдө.

 

 Ошондой эле, Башкы прокуратура Чолпон Жакупованын мүлкүн камакка алууга ниеттенүүдө.

 

Ал эми журналист Нарын Айып менен Дина Масловадан   эч кайда чыкпоо боюнча тил кат алышкан.