Шалпык эшегине тетири минип алып келе жатса, андан тааныштары сурайт экен:
- Шаке, мунуң эмне... оң эле карап минбейт белең?
- Э-е... эмнесин айтайын?.. Мас болуп калып, эшегиме кылбаганды кылган экем. Азыр уялганымдан, эшегимдин бетин карай албай баратам.
***
Бир киши врачка кайрылат:
- Доктур, мен импотент болуп калган окшойм. Аялымдын койнуна жатканда таптакыр делебем козголбой атат.
- Аялыңызды ээрчитип келиңиз.
Талап аткарылат. Врач эркекти сыртка чыгарып жиберет да, аялды текшере баштайт:
- Канаке, чечиниңизчи... Ооба, баарын... Эми жатыңыз... чалкаңыздан... Та-ак... кырыңыздан... нары оодарылыңыз... көмкөрөңүздөн... кайра чалкаңыздан... Эки бутуңузду “прямо” асманга көтөрүңүз... Мм-м, түшүнүктүү... Кийине бериңиз... Кийиндиңизби? Сыртка чыга берсеңиз болот. Күйөөңүз кирсин.
Тиги аялдын күйөөсү киргенден кийин, врач минтет дейт:
- Күнөө сизде эмес экен. Менин деле делебем козголбой койду.
***
Аялы күйөөсүнө өтүнөт:
- Ваннадагы суу түтүгү бузулуп калыптыр. Андан тамчылаган суу астыңкы кабаттагыларды да беймаза кылчуудай. Ошон үчүн тамчыга тепши коюп койдум. Оңдоп койсоң боло.
- Эм-не-е?.. Көзүңдү чо-оң ачып туруп, анан сүйлөп жүргүн, сволуч! Мен сага слесарь белем?
Күйөөсү эртеси келсе, суу түтүгү оңдолуп калыптыр.
- Ким оңдоп берди?
- “Вечерний Бишкек” гезитиндеги реклама аркылуу слесарь чакырттым.
- Оңдоп бергени үчүн кө-өп акча алдыбы?
- Бир тыйын да алган жок. “Тиги керебетке мени менен жат, же ырдап бер” деди.
- Сен ырдап бердиңби?
- Мен, эмне, ырдап жүрчү белем?
Тапан МАДЫРАБАШ, “Майдан. kg” гезити