Печать
Категория: Коом
Просмотров: 313

 

Ош базарынын эл көп өтчү жерине отуруп алып, аккордеону менен ырдап олтурган көз айнекчен майып киши көпчүлүккө тааныш деле болуп сыяктанып калган. Өзү да жакшы ырдайт. Анын аккордеонуна илинген калтасына айрым боорукер адамдар тыйын-тыпыр таштап өтүшөт.

   

Ал бул жолу ырдабай эле эс алып олтурган экен. Учурдан пайдаланып, бул кишиге сурообузду узаттык:

 

- Аты-жөнүңүз ким?

 

- Жетимиш Мамашев.

 

- Биз “Майдан” гезитиненбиз. Сиз менен маектешсек болобу?

 

(Жетимиш биздин гезиттин аттын укканда каршылык кылган жок. “Майдандын” чындыкты жазаарын уккан экен)

 

- Мурда бир гезиттин жаш журналисти менен маектешкен элем,- деди чындыкты жашыра албай. - Бирок, менин сөздөрүмдү бурмалап чыгарыптыр гезитке. Мисалы, “10-классты бүткөн” деп жазыптыр. Мен болсо, мектепте окуган эмесмин, майып болуп калгандыгыма байланыштуу.

 

- Бүгүн аккордеонуңуз көрүнбөйт го?

 

- Э, ошол аккордеондун азабынан чоң ызы-чуу болбодубу. Аны дал ушул жерден бир жигит уурдап бара жатып, мени күн сайын көрүп жүргөн соодагерлердин колуна түшүп калыптыр. Ууру азыр СИЗОдо. Эртең соту болот. Сотто анын бошотулушун суранайын деп атам. Бир адашты да. Андан калса, карыган энеси бар экен. Ошого боорум ачып атат. Аларга мурда эле көмөктөшөт элем. Башка дагы бир уурулугу далилденип калыптыр.

 

- Андай болсо, Жетимиш, маектешүүнү кийинкиге калтыра туралы. Сот бүтсүн. Анан...

 

- Макул. Мен бала кезимден тартып ушул күнгө чейинки аянычтуу тагдырымды төкпөй-чачпай айтып бере алам...   

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити