Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

 

«Ата Мекен» партиясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөновдун мародерчулук боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде тергөө иштерин УКМКнын тергөө башкармалыгы жыйынтыктап, материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

 

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

 Маалыматка караганда, тергөө бир катар күбөлөрдүн, ошол эле учурда бул кылмышка катыштыгы бар тараптардын көрсөтмөлөрүн топтогон.

 

 2017-жылдын 28-мартында ачылган кылмыш ишинин алкагында Төлөгөновго «топтордун алдын ала сүйлөшүү менен турак-жайга кирип карактоосу», «ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо, берүү» беренелери боюнча айып тагылган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү УКМКнын абагына камакка алынган.

Учурда материалдар Башкы прокуратурага  ишти сотко өткөрүүгө жөнөтүлдү.