Бишкек, «Саясат. kg». Президент Атамбаев Арсланбап айылындагы жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бөлөсүнө көңүл айтты.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине кырсыктан жабыркагандарды дарылоону көзөмөлгө алууну тапшырды.
Эске салсак, Арсланбап айылында (Базар-Коргон району) 23-апрелде саат кечки төрттөр чамасында 300 кубометр өлчөмүндөгү жер көчкү жүргөн.