1994-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Талгат Кенжебаев 28-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылбаган.
Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, 23 жаштагы жигит 2017-жылдын 28-январында үйүнөн чыккан. Ошондон бери кайда экени белгисиз.
Бою: 180 см. Белгилери: чап жаак, чачы кара, көзү күрөң, мурду кырдач. Капюшону бар көк куртка, кара жемпир, көк жинсы шым, кара сапожка кийген.
Эгер кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти көргөн болсо, 0 (703) 45 05 53, 0 (553) 102 465,0 (312) 35 26 71 (Бишкек шаарынын Ленин райондук издөө тобу), 0 (312) 35 26 05 , 0 (312) 35 29 47 же 102 (УВД Ленин райондук ИИБинин кезмет бөлүмү) кабарлаңыздар.