Печать
Категория: Коом
Просмотров: 173

 

 Санкт-Петербургда адам органдарын метродо алып бараткан кыргызстандык кармалганын орус басылмалары жазып чыгышты.

 

 Маалыматка караганда, 23 жаштагы кыргызстандык «Горьковская» метросунда кармалган.

 

Ал атайын баштыкта адамдын органдарын алып бараткан. Шектүүнү метродон чыгып баратканда текшерүүгө токтотушкан. Анын колундагы он чакты атайын контейнердеги табышмактуу жүк текшерүүчүлөрдүн шектенүүсүн жараткан.

 

Кармалуучунун айтымында, ал Түндүк-Батыш медициналык академияда окуйт. Дарыгерлердин бири андан адам органдарын Москва проспектисиндеги лабораторияга жеткирип келүүнү суранган.

 

Студентте биологиялык жүктү аныктаган эч кандай документ болбогон.

 

Учурда шектүү камакка алынды.  

 

Укук коргоо кызматкерлери окуяны териштирүүдө.