Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Америкалык аскерлердин маалыматына караганда, ал Майадин шаарында 6-апрелде жасалган атайын жашыруун операция маалында жок кылынган.


«Ал жердеги операция болгон. Азырынча ушуну гана айта алабыз», – деди АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын полковниги Жон Томас. Ал Узбеки аба соккусу маалында каза болбогондугун белгиледи.

 

АКШ тарап Абдурахман Узбекинин 1-январда Стамбулда болгон Reina түнкү клубундагы терактка тиешеси бар деген маалыматтарга ээ. 39 киши мерт болуп, 69у жаракат алган ал кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

 

Терактты 34 жаштагы өзбек тектүү Абдулкадыр Машарипов жасаган. Ал кол салуудан 16 күн өткөндөн кийин Стамбулда кармалган.