Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Бул тууралуу 23-апрелде ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын Украинадагы өкүлү «Фейсбукка» жазды.


ЕККУ Пришиб калктуу конушуна жакын жерде алты кишиден турган кызматкери кол салууга дуушар болгонун ырастады. Миссиянын кызматкерлеринин бирөөсү каза болуп, экөөсү ооруканага жеткирилди.

 

Бир катар маалымат агенттиктери таанылбаган республиканын өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдиргендей, каза болгон адам АКШнын жараны. Бирок азырынча бул маалыматты расмий түрдө эч ким ырастай элек.

 

Окуя болгон Пришиб айылы оккупацияланган аймактар менен чектешкен зонада орун алып, Сокольник, Славяносербск (оккупацияланган Луганск облусунун аймагында) жана Трёхизбенк (өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө) айылдарынын ортосунда жайгашкан.