«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында 25-майга чейин калтырылды.
Бүгүн Биринчи май райондук сотунун коллегиясы саясатчынын баш коргоо чарасын карады.
Текебаевге расмий түрдө айып тагылды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, чогултулган материалдардын негизинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишине катыштыгынын далили табылган. Алар коррупция беренеси боюнча айыпталышууда.
Эске салсак, Текебаев менен Чотонов 26-февралда камакка алынган. Сот аларды 26-апрелге чейин абакта кармоо чечимин чыгарган. Бүгүн алардын абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды.