16-январда түрк компаниясына таандык учак Дача-Су айылында кыйраган кырсыктан жабыркагандарга өкмөт канча каражат берээрин ачыктай элек.
Мындай маселе «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында каралды.
Депутат Садык Шер Нияз АКШнын бир катар компаниялары жабырлануучуларга 600 доллардан төлөй турганын белгиледи.
«Силер жалпы сөз менен кутулуп атасыңар. АКШда бир катар компаниялар жабырлануучуларга 600 миң доллардан төлөйт . Дача-Су айылынын эли учакка билет сатып алышпаган, өмүрлөрүн тобокелге салышпаган, тынч уктап атышкан. Силер иликтөө жүргүзүүгө кызыкдар эмессиңер. Адамдын өмүрү канчага бааланат деп ойлойсуңар? Бизге 600 миң доллар беришти. Демек, адам өмүрү эмес, жүк баалуу экен»,-деди ал.
Транспорт министринин айтымында, компенсациянын көлөмү боюнча комиссия иштеп атат. Так суммасы талкуудан кийин ачыкталат.