Печать
Категория: Коом
Просмотров: 349

 

Бүгүн эртең мененки саат алтыларда аталган бизнес-борборуна укук коргоо кызматкерлери келишип, жагдайды түшүндүрбөй эле имараттын ичиндегилерди сыртка чыгарышкан.

 

Укук коргоо кызматкерлеринин мындай жоругун рейдерлик басып алуу катары баалагандар да бар. Милиционерлер соттун чечимисиз эле имараттын ичиндегилерди сыртка чыгарышкан.

 

Күбөлөрдүн айтымында, 200гө жакын милиционерлер болушту. Борбордо бул убакта 100дөй кызматкер иштеп атышкандыктан, баары сыртка чыгышкан.

 

Окуя болгон жерге Наримае Түлеев да келди. Белгилей кетсек, аталган бизнес-борбор Бишкек шаарынын мурунку мэрии Нариман Түлеевге таандык.