Печать
Категория: Коом
Просмотров: 224

 

Кайыңды шаарындагы №1 мектеп-лицейинин окуучулары мушташып, үчөө ооруканага жеткирилди.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

 

Маалыматка караганда, окуя 14-апрелде сабактан кийин болжол менен саат 2лерде болгон. №1 Кайыңды мектеп-лицейинин окуучулары менен Панфилов спорттук мектеп комплексинин окуучулары эки жаат болушкан.

 

Жыйынтыгында, үч мектеп окуучусу жараат алып,  ооруканага жеткирилген. Дагы үч окуучу амбулатордук дарылануудан өтүшүүдө. Алардын акыбалы туруктуу болгондуктан, жакынкы күндөрдө ооруканадан чыгарылат.

 

Билим берүү министрлиги аталган мектептердин директорлорунан мушташ эмнеден улам башталгандыгы тууралуу маалымат күтүүдө.