Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 192 метр куб көлөмүндөг жер көчүп, Таран-Базар айылына кирип, тургундардын турак-жайларына 300 метрдей жетпей токтогон.
Жер көчкү 12 турак-жайга коркунуч келтиргенинен андагы жашоочулар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү.
Эске салсак, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргөн жер көчкүдөн каза тапкандар да болгон.